“Үйдө баатыр, жоодо жок…”

Бул сөздүн төркүнүн чек аралаш аймактарда жашагандар жакшы түшүнөт. Анткени темир зымдын ичинде, же өзүнүн жеринде туруп алып “кыйынсынгандар” алар көрүп-билип турушат. Ушулардын айынан да чыр-чатактар ырбап атканы чын. Бирок көбүндө “айла жоктон” башка кеп жок… Толугу менен

Айтканда не, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси көптөн бери эле дурус эмес. Анын айынынан эки өлкөнүн жакын жашаган адамдары толгон токой көйгөйгөйлөргө кабылып келет. Кичине оңоло калганда ары-бери өтө калгандарды  “кичи желмогуздар” талап-тонойт. Өзбекстандыктарды Кыргызстандын күч кызматтары, Кыргызстандыктарды Өзбекстандын органдары…

Ош облусундагы Кара-Суу базарына эптеп соода кылганы келген өзбек жарандары алаңдап араң эле ары-бери басып жүрүшөт. Ошону үчүн дагыбы, аларды тиги “шапкечендер” даана таанып коюшат. Кармайт. Коркутат. Акчасы болсо алат. Алардын болгон күнөөсү коңшу өлкөнүн жараны экендигинде.

Тиги, Баткенде болсо МАИчилердин күнү тууду. Өзбекстандын Сох анклавынын жашоочулары эки-жакка каттагандан да тажап калышты көрүнөт. Кыргызстандын ичиндеги жолдордо ар бир 100 метрде жол коопсуздугу кызматкери. Унаа катуу баратса да, акырын баратса да кызыл палке шарт койкоңдойт. Кекиртек курусун, таңкы төрттөрдө МАИчилер жолго чыгып алышат. “Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман” болуп МАИчилердин айынан эми дагы чатак чыкпаса болду…

Ал эми Кыргызстандыктар Өзбекстанга өтүп келгендеги жомокторун айтып бүтүрө алышпайт. Документ, майда-чүйдө деген нерселеринин баары туура болуп турса да, аларды өзбек милициясы “тоногону тоногон”… Чек арадан өтүү болсо кадимки эле  тозок дешет алар. “Үйүндө баатыр болуп” кызматынан пайдаланып карапайымдарды эзгени эзген…

Балким, ушулардын айынан да чек ара маселелери жөнгө салынбай, утур-утур чыр-чатактар чыгып келатабы деген күдүк ой…

 

This entry was posted in Без рубрики and tagged , , , , . Bookmark the permalink.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *