Ош: Маалыматтык чек аранын бузулушу

Кыргызстан санариптик системага толук өтүп бүткүчө Ошту Өзбекстандын каналдары каптап кетти. Uz_Digital компаниясынын 20дан ашык өзбек каналдары аймакта жеткиликтүү тартып жатат. Карапайымдар коңшу өлкөнүн идеологиясына сугарылып жатканына кабатыр болсо, медиа-эксперттер маалымат мейкиндигинде чек коюуга  мүмкүн эместигин айтышууда.

Ош шаарындагы дээрлик ар бир үйдө сыналгынын пульт баскычын өйдө бассаң да, ылдый бассаң да Өзбекстандын каналдарына туш келесиз. Көңүл ачуучу программалардын көптүгүнөнбү, же тилди түшүнгөндүктөнбү аймактагылар өзбек каналдарын көп көрүшөт. Санариптик телеберүүнүн кириши менен алардын саны дагы артты:

-Uz_Digital компаниясынын өзүндө эле азыр 20дай канал тартып жатат. Ал эми орус каналдарын же, же кыргыз каналдарын кошпогондо. Анын ичинде мамлекеттик каналы да бар, көңул ачуучу программалары да бар, кыскасы баардык нерсени көрсөтөт. Аны эми ошо жагына кызыгып көргөндөр көп. Мурда араң-араң тартып келген болсо, азыркылардын сапаты өтө жогору, туптунук, эч кандай тоскоолдуксуз чыгып калды.

-дейт Оштун жашоочусу Керим Калыкулов.

Uz_Digital компаниясынын телеканалдары негизинен Өзбекстандын ичинде гана таркайт. Бирок Кыргызстандын чек аралага жакын аймактары түздүк болгондуктан сигналдарды алууга болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында учурда коңшу өлкөнүн Uzbekiston, Toshkent, Yoshlar, Uz_Sport, Madaniat, Dunyo Boylab, Uz_Format, TV Markaz телеканалдары, ал эмес Namangan, Andijan сыяктуу облустук ТВлары биригип олтуруп 20дан ашык канал өзбекче сүйлөйт. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 2-3 эсеге көп.

“Мындан улам карапайымдарда кабатырлануулар” көп дейт Калыкулов:

-Телекөрсөтүү, же видеокаражаттардын баардыгы адамдардын турмушунда өтө мааниге ээ болуп калды. Ошондон ар нерсени үйрөнөбүз, ошо менен таасирленебиз, ошо менен жашайбыз. Анан мынтип туш тараптан эле ар кандай башка өлкөлөрдүн тилиндеги көрсөтүүлөрдү көрө берсек, жакын арада тилибиз өтө чоң көйгөйгө кабылат. Бул барып-барып биздин улуттук саясатыбызды чабалдатат, алсыздатат.

Коңшу өлкөлүк телеканалдар өзгөчө жаш балдардын аң-сезимине олуттуу таасир этип жаткандай. Оштун жакасында жашаган Жыргалбек Ажыматов буларга токтолду:

-Биз эми чоңоюп калдык. Мен жаш балдардан кыжаалат болом. Турмуштук көз карашы, мекенчилдик сезими, энесине-атасына болгон сезимдери эми гана калыптанып жатат. Анан алар башкача тарбияланып жатат. Алар мен кыргыз каналын көрөйүн, же башка дебейт. Аларга кайсы кызыктуу болсо ошону көрө берет. Аягында өзбек идеологиясы куюла берет. Балдар ойноп жатып да коңшу элдин тилинде сүйлөп калды. “Хужумга, хужумга!!” деп кыйкырып атканын угуп калдым, “ал эмне?” десем, билбейт, “атака” деген сөз болсо керек да дейт. Жаш балдар бул уюбаган цемент. Ал ушундай болуп, башка идеология менен катып калса, кийин барып өзүбүзгө эле кыйын болбойт бекен?…

Өзбекстан DVB-T санариптик телеберүүгө 2008-жылдан өткөн. Бул жааттан Кыргызстандын аракети кечигип келет. Алгачкы тесттик берүү Баткенде орнотулуп, андан азырынча 10 чакты канал таркатылат. Медиа-эксперттер болсо бул системанын сигналдарын тосуп салууга мүмкүн эместигин айтышат:

-Санариптик берүүлөрдүн негизги принциптеринин бири да ушул, эч кандай чектөө киргизилбеши керек. Өзбекстан каналдарынын азыр тартып жатканы бул Кыргызстандагы келечектеги санариптик картинанын эле бир чети. Анда мындай каналдар толтура кирет. Толтура чет өлкөлүк каналдар тартып баштайт. Сигналдарды тосуп, же тарттырбай коюу мүмкүн эмес. Бир чети ал мыйзамдык жактан да туура келбейт. Биз бул жерде жергиликтүү каналдардын потенциалын көтөрүү менен гана ута алабыз. Мындан башка чектөө, тосмо коюп башкаларды бердиртпей коюу мүмкүн эмес.

-дейт Оштук медиа-байкоочу Данияр Садиев.

Ал ошондой эле кыргыз көрүүчүлөрүн ата-мекендик телеканалдарында кармап калуу мамлекеттин иши экенин белгилейт:

-Азыр бул боюнча ар кандай сунуштар бар. Жанагы социалдык пакет дегенге көңул ачуучу каналдарды кошууну, же ушул сыяктуу кыргыз телеканалдарында программаларды тартуу боюнча ойлор бар. Мамлекеттик иделогияны, мамлекеттик маалымат коопсуздугу сакташ үчүң менимче мамлекет өзү гана иштеш керек. Жергиликтүү каналдарды колдоп, анан аларга санариптик берүүгө чыкканга да бекер жардам бериши керек. Бул эми келип-келип эле акча маселесине барып такалат.

Кыргызстан 2015-жылдан толугу менен санариптик телеберүүлөргө өтөт. Бул боюнча атайын мамлекеттик комиссия иштеп атат.

Санариптик телеберүү кирсе Бишкек жана Ош шаарларында 300дөн телеканал тартылуусу күтүлөт. Ага чейин жашоочулардын баары атайын каражаты бар сыналгы, же өзүнчө тюнер аппаратын сатып алышы керек. Бирок анда кайсы каналды көрөт, көрбөйт көрөрман өзү чечет.

Эрнист Нурматов

This entry was posted in Без рубрики and tagged , , , , . Bookmark the permalink.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *